Жолдо малдын кароосуз жүрүшү айдоочулар үчүн олуттуу коркунуч жаратып, жол кырсыктарына себеп болууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айында республика боюнча мал жандыктарынын катышуусунда 45 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 60 адам жаракат алган.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
- Чүй облусу — 7 жол кырсыгы, 2 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган.
- Ысык-Көл облусу — 11 жол кырсыгы, 14 адам жаракат алган.
- Нарын облусу — 3 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.
- Ош облусу — 6 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган.
- Жалал-Абад облусу — 13 жол кырсыгы, 16 адам жаракат алган.
- Баткен облусу — 5 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.
Башкармалык мал ээлеринен мал-жандыктарын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү, өзгөчө түнкүсүн кароосуз калтырбоону жана жолго чыгып кетишине жол бербөөнү эскертет.

