3 миңден ашуун талапкер мектеп директорлугуна тест тапшырууда


Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызматтарына талапкерлерди тандоо башталды.

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, кадрлар резервине кирүү үчүн документ тапшырган 3 миң 748 адамдын ичинен 3 миң 25и тестирлөөгө катышууга уруксат алды.

Белгиленгендей, тестирлөө бүгүн, 17-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында башталды. Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, ал эми Ошто Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүүдө.

Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгында 149 талапкердин арызы белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен четке кагылган. Дагы 574 адамдын документтери толук эмес болгондуктан, толуктоо үчүн кайтарылган.

Тестирлөө 2-декабрга чейин уланат.