Чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо тилкеси ачылат


Кыргызстан чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо участогун ачууну пландап жатат. Анын 50гө жакыны Россияда жайгашып, Москва шаарында шайлоочулар көп болгондуктан, элчиликтин аймагында төрт шайлоо тилкеси уюштурулат.

Бул тууралуу бүгүн шайлоо тилкелеринде сыноо иретинде добуш берүү иш-чарасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

“Учурда элчиликтердин, консулдуктардын жана башка өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жерлери талданып, шайлоо тилкелерин ачуу каралууда. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу ири соода борборлорунда жана базарларда да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүлөт.
Россияда шайлоо тилкелеринин саны 50гө жакын болот. Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Казань, Уфа жана Москва облусундагы Видное, Балашиха сыяктуу шаарларда ачылат. Бул маселе жакынкы күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бекитилет”, — деди ал.