Бишкекте «Умра» зыяратын уюштуруудагы алдамчылыкка шектелип, туристтик компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын 100дөн ашуун жараны Ташкент шаарынан «Умра» зыяратын аткаруу үчүн уча албай калгандыгы тууралуу маалыматты аныкташкан.
«Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортто оор абалда калгандыгы белгилүү болгон. Аталган жарандар зыяратка баруу үчүн жолдомолорду «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынан сатып алышкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, туристтик компания зыяратчыларды «Умра» тиркемесине тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу сапарга чыгарган. Мындан тышкары, социалдык тармактарга тараган видео кайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 АКШ долларынан талап кылгандыгын билдиришкен.
Ошондой эле буга чейин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан зыярат сапарларын уюштурууда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча аталган компанияга карата эки акт түзүлгөндүгү белгилүү болгон», — деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректерде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуулар боюнча квитанциялар жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка материалдар табылып, алынган.
Аталган кылмышты жасоого шектелип, «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын жетекчиси, 1983-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, жабыркагандардын санын жана келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмүн тактоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары улантылууда.

