Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында жер титиреди


18-ноябрда таңкы саат 6:46да Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 балл болду. Очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан 32 чакырым түштүк-батышта жана Баткен шаарынан 102 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты.

Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Карамык жана Шибээ айылдарында жер титирөө 3 балл болуп сезилген.