Жалал-Абадда 64 жаранга пенсия мыйзамсыз чегерилген


Жалал-Абад облусунда 2025-2026-жылдары 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, натыйжада мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген.

Текшерүүдө Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) жооптуу кызмат адамдары тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн, жасалма маалымкаттарды түзгөнү аныкталган. Алардын негизинде жарандарга пенсия дайындалган.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.