Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин биринчи орун басары болду


Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Эсенгул уулу буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү кызматын аркалап келген.

Өмүр баяны

Чыңгыз Эсенгул уулу 1987-жылдын 18-июнунда Нарын шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Билими:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги (экономист);
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы — эл аралык мамилелер жаатындагы адис (артыкчылык диплому).

Эмгек жолу:

  • 2006–2007-жж. — «Теңир-Тоо» жана «Алмаз-Нарын» радиостанцияларынын маалыматтык жана көңүл ачуучу программаларынын алып баруучусу, кабарчысы (Нарын ш.);
  • 2007–2008-жж. — Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» маалыматтык-талдоо программасынын кабарчысы;
  • 2008-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын консультанты;
  • 2008–2011-жж. — УТРКнын «Ала-Тоо» маалыматтык-талдоо программасынын жаңылыктарды алып баруучусу, жооптуу чыгаруучу редактору (айкалыштыруу менен);
  • 2009–2012-жж. — Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин басма сөз катчысы, кеңешчиси;
  • 2012–2013-жж. — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын атташеси;
  • 2013–2016-жж. — «Актив Курулуш» ЖЧКсынын директору;
  • 2016–2017-жж. — Кыргыз Республикасынын премьер-министринин басма сөз катчысы;
  • 2017–2020-жж. — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси;
  • 2020–2021-жж. — «KAZ Minerals Bozymchak» ЖЧКсынын башкы директорунун жардамчысы;
  • 2021–2024-жж. — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
  • 2024–2025-жж. — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
  • 2025-ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
  • 2025-жылдын сентябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү.

Квалификацияны жогорулатуу:

  • 2010-ж. — Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги, «Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн подряддык долбоорлор»;
  • 2012-ж. — Президентук караштуу Башкаруу академиясы, «Өнүгүү программаларын жана долбоорлорун башкаруу»;
  • 2013-ж. — Президентке караштуу Башкаруу академиясы, «Мамлекеттик протокол жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү»;
  • 2013-ж. — ЕККУнун Катчылыгы (Вена ш.), Интернет эркиндиги боюнча курс;
  • 2013-ж. — Польшанын Тышкы иштер министрлиги, «Польшанын тышкы саясаты».

Тил билүүсү:

Кыргыз (C1 деңгээлиндеги сертификат), орус, түрк тилдери — эркин; англис тили — базалык деңгээлде.

Сыйлыктары:

  • «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл» медалы (2024);
  • «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көмөктөшкөндүгү үчүн» медалы (2024);
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси (2024);
  • «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы (2024);
  • «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын отличниги» төш белгиси (2023);
  • «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси (2023);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын ысымы жазылган сааты (2022);
  • «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 95 жыл» юбилейлик медалы (2019);
  • Кыргыз Республикасынын премьер-министринин ысымы жазылган сааты (2017);
  • Кыргыз Республикасынын премьер-министринин атынан Ыраазычылык каттары (2013, 2017).