Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдарын жалгыз тарбиялаган ата-энелердин эмгек акысын азайтпастан, жумуш күнүн бир саатка кыскартуу сунушталууда. Депутат Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ата-энелер жумушка бир саат кеч келип же эрте кете алышат. Жеңилдик бала асырап алгандарга жана камкорчуларга да каралган. Бирок ажырашуу эле жеңилдик алууга негиз болбойт — баланы күнүмдүк турмушта өз алдынча тарбиялап жатканы эске алынат.

