Бүгүн республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 17…22, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 16…21, Ысык-Көл чөлкөмүндө 7…12, Нарын облусунда 6…11 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте 19…21, Ош шаарында 18…20 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.

