Республикалык айтыштын финалына 12 акын өттү


Төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталып, финалдык бөлүккө 12 акын жолдомо алды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара республикалык ”Айтыш” коомдук фондунун 25 жылдыгына, Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына жана Эшманбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына арналган.

Финалга чыккан акындардын тизмеси жана упайлары:

  1. Баян Акматов — 80 упай;
  2. Чыңгызхан Кожошов — 80 упай;
  3. Турат Жумаев — 80 упай;
  4. Акматбек Султан уулу — 80 упай;
  5. Болот Назаров — 80 упай;
  6. Шайлообек Отунчиев — 80 упай;
  7. Элмирбек Иманалиев — 80 упай;
  8. Темирбек Матыбаев — 80 упай;
  9. Кубат Тукешов — 79 упай;
  10. Жамайка Токонова — 79 упай;
  11. Тынчтыкбек Эсенбай уулу — 78 упай;
  12. Мамелбек Исраилов — 77 упай.

Айтыштын финалдык бөлүгү 26-ноябрда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Мелдештин жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзөт. Башкы демөөрчү — жеке ишкер Нурбек Кеңешов.

Кошумча маалымат үчүн байланыш номери: 0501 17 17 07.