Кыргызстанда министр министрге операция жасап, инфарктыдан сактап калды


Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кесиптешине операция жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумуш күн болду. Дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, жүрөгүнө стент койдук. Инфарктынын алдын алууга жетиштик», — деп жазды ал.
Бирок дарыгер медициналык сырды сактап, кесиптешинин аты-жөнүн атаган жок.
Дамир Осмонов — кесиби боюнча кардиолог. Министр болгонго чейин бир топ жылдар бою Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда жүрөк ооруларын дарылап иштеп келген.