Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн $45 млн инвестиция тартылды


Кыргызстанда дыйкан жана фермерлерди айыл чарба техникасы менен камсыздоо, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын жабдууларын жаңылоо үчүн 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган лизинг долбоорунун алкагында берилет.

Долбоорго ылайык, айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү жабдууларды 7 жылга чейин, жылдык 6 пайыздык үстөк менен лизингге алууга болот. Каржылоо «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоордун биринчи этабы 2026-2030-жылдарга белгиленип, аны ишке ашыруу 2050-жылга чейин уланары каралган.