Дыйкандар айыл чарба техникасын 6% менен лизингге ала алышат


Кыргызстанда дыйкан жана фермерлерге айыл чарба техникасын, ал эми кайра иштетүүчү ишканаларга керектүү жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге берүү долбоору ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган.

«Анын алкагында айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Лизингдин мөөнөтү 7 жылга чейин, жылдык үстөк чени 6 пайызды түзөт. Каржылоо «АБанк» жана «Элдик Банк» ААКтар аркылуу жүргүзүлөт», – деп айтылат маалыматта.

Долбоор айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууга багытталган.

Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленип, жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.