Бишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланууда


Бишкек шаарында тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда.

Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер 50 гектар аянтты ээлеген аймакта жүргүзүлүүдө. Объектте 52 атайын техника жана 293 жумушчу иштеп жатат.

   

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында тазалоочу курулмаларды заманбап технологиялык жабдууларды, автоматташтырылган башкаруу системаларын жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү менен модернизациялоо каралган. Ошондой эле жагымсыз жыттарды азайтуу максатында абаны тазалоочу системаны орнотуу жана күн панелдерин коюу пландалууда.

Мэр Айбек Жунушалиев калдыктарды комплекстүү иштетүүнүн жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында биз ар кандай варианттарды карап чыкканбыз. Бүгүнкү күндө шаар калдыктарды кайра иштетүү тармагында жаңы баскычка чыгууда. Катуу тиричилик калдыктарынан тышкары, саркынды сууларды тазалоо процессинде пайда болгон чөкмөлөрдү кайра иштетүүгө да көңүл буруу пландалууда. Келечекте аларды биогумус алуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралат», — деп белгиледи мэр.