Учурда чет өлкөлөрдө жалпы 837 миң 812 кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Эркин Каримов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 584 миң 484 жаран Россияда эмгектенет.
«Россия боюнча айтсак, октябрь айынын башына карата 584 миң 484 адам катталган. Бирок бул сандар миграциялык агымдарга, мезгилге жана башка ар кандай себептерге байланыштуу азайып же көбөйүп турат. Айрым учурларда үй-бүлөлүк, экономикалык жана социалдык себептерден улам мигранттардын саны өзгөрүшү мүмкүн», – деди министрликтин өкүлү.

