Бишкек шаарында эл аралык LOTTE HOTEL бренди алдындагы беш жылдыздуу мейманкана комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду.
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинен билдиришкнедей, долбоор Чыңгыз Айтматов проспектисинде ишке ашырылышы пландалууда.
Алдын ала концепцияга ылайык, комплекс мейманкананы, сервистик резиденцияларды жана бизнес-борборду камтыйт. Ошондой эле анда ресторан, велнес-борбор, конференция жана ишкердик жолугушууларды өткөрүүчү жайлар каралган.
Меморандумга Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, LOTTE HOTELS & RESORTS жана LP INVEST компанияларынын өкүлдөрү кол коюшкан. Долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылат.
Мейманкана франчайзинг модели боюнча иштейт. LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясы келечектеги мейманкананын кызматкерлерин даярдоого да көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

