Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.
«Кыргыз Республикасында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү маселелери боюнча жалпы улуттук изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштыруу» темасындагы иш-чара депутат Камила Талиеванын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүүчү «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» өнөктүгүнүн алкагында уюштурулган.



Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, жарандык коомдун жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Алгач депутат Камила Талиева ачылыш сөзүн сүйлөп, эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, адамдын кадыр-баркын коргоо, зомбулуктун жана куугунтуктоонун алдын алуу, ошондой эле коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Соңку жылдары өлкөдө аталган багыттардагы улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча бир катар маанилүү кадамдар жасалганын эске салган эл өкүлү ага Кыргызстандын 2024-жылдын 3-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун «Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 Конвенциясын ратификациялаганын мисал келтирди.
Мындан тышкары, «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын белгилеп, анда аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү жоболор камтылганын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Тилектештик борборунун колдоосу менен «CAS Analytics» иликтөөлөр командасы тарабынан жүргүзүлгөн эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү маселелери боюнча жалпы улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылды.

Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аталган багытта баяндамаларды жасап, темага байланыштуу атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар талкууланган маселелер боюнча өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди аныктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Алгач депутат Камила Талиева ачылыш сөзүн сүйлөп, эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, адамдын кадыр-баркын коргоо, зомбулуктун жана куугунтуктоонун алдын алуу, ошондой эле коопсуз жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.