Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнбашы шаарында өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.
Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» тоо саммитине чакырды. Мындан тышкары, Кыргызстан келерки жылы Ассамблеянын күзгү жыйындарын өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Маматалиев соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана гуманитардык демилгелерди колдоого чакырды.

