2023-жылдан бери чет өлкөлөрдө Кыргызстандын укук коргоо органдары эл аралык издөөгө алган 184 адам кармалды. Алардын 132си экстрадиция жана депортация жолу менен Кыргызстанга кайтарылды. ИИМдин маалыматына караганда, кармоолор АКШ, Италия, Түркия, Таиланд, БАЭ, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн.
Кармалгандардын арасында адам өлтүрүүгө, алдамчылыкка жана уюшкан кылмыштуу топторго катышууга шектелгендер бар. Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалып, алардын 42си башка мамлекеттерге экстрадицияланган.

