КР УКМК кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары 1986-жылы туулган М.Ш.Г., 1983-жылы туулган М.Р.К. жана 1982-жылы туулган М.Б.Р. аттуу жарандарды кармады.
Белгилүү болгондой, белгисиз адамдар өздөрүн Жайыл РИИБдин кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана жаранды адаштыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын жараны Ж.у.А.дан 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
КР УКМК жарандарды сак болууга, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган адамдардын мыйзамсыз иштерине алданбоого, ошондой эле мындай фактылар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырат.

