Президент Садыр Жапаров айрым райондордо жетекчилердин иш пландары формалдуу түзүлүп, өнүктүрүү фонддорунан бөлүнгөн каражаттар толук пайдаланылбай жатканын сынга алды. Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы айрым райондордо акимдердин айлык жана кварталдык иш пландары жок экенин, ал эми түзүлгөн пландарда экономикалык өнүгүү жана финансылык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча конкреттүү иштер көрсөтүлбөй жатканын белгиледи.
Ошондой эле айрым акимдер менен мэрлер документтерге өздөрү кол койбостон, орун басарларына кол койдурган учурлар бар экенин айтты. Президент муну жоопкерчиликтен качуу же өз ыйгарым укуктарын билбөө катары баалады.
Мындан тышкары, Панфилов районундагы Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысынын орду 2025-жылдын 23-майынан бери бош турганын белгилеп, айыл өкмөттүн ишине ким жоопкерчилик алып жатканын жана тургундар кимге кайрылып жатканын сурады.
Садыр Жапаров мурда райондор үчүн маанилүү болгон өнүктүрүү фонддорунан бөлүнгөн каражаттарды да өздөштүрө албаган жетекчилер бар экенин айтып, каржыны натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

