Кыргызстанда органикалык экени тастыкталбаган товарларга «эко», «био» жана «органик» деген белгилерди колдонгондорго айып пул салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова иштеп чыкты. Мындай мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 15 миң сом айып пул каралган. Бир жыл ичинде мыйзам бузуу кайталанса, айып пул 6 миң жана 30 миң сомго чейин көбөйөт.
Сертификаты бар органикалык азыктарды кадимки товарлардан өзүнчө жайгаштырып, «Органикалык продукция» деген белги коюу сунушталууда. Бул талап интернет-дүкөндөргө жана маркетплейстерге да тиешелүү болот. Жайгаштыруу эрежеси биринчи жолу бузулса, эскертүү берилет. Кайталанса, жеке жактарга 1 миң, юридикалык жактарга 5 миң сом айып пул салынат. Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыялангандан алты ай өткөн соң күчүнө кирет.

