Сокулук райондук милициясы 14 жаштагы өспүрүмгө карата жасалган жыныстык зомбулук тууралуу маалыматты териштирип жатат. Милицияга кайрылган атасы жай айларында С. аттуу кошунасы уулуна күч колдонуп, коркутуу менен мыйзамсыз аракеттерди жасаганын айткан.
Облустук милиция арыз каттоодон өткөнүн жана окуянын бардык жагдайларын тактап, юридикалык баа берүү үчүн текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.

