Дубайдан жана Кытайдан Кыргызстанга келген жүктөрдүн арасына катылган 15 кг 727 грамм зер буюмдары табылды.
Бажы кызматынан билдиришкендей, бул фактылар боюнча мамлекетке келтирилген 2,2 млн сомдон ашык зыян толугу менен төлөндү.
Текшерүү учурунда Дубайдан келген чарбалык товарлардын арасынан 3,3 кг күмүш зер буюмдары, ал эми Кытайдан келген жүктөн 12 кг 427 грамм зер буюмдары табылган.
Эки жүктөгү буюмдардын тең ээси бир жаран экени аныкталган. Окуя боюнча материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, анын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 2 млн 208 миң 695 сом зыян толугу менен кайтарылган.

