Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалитет «Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы» долбоорун кеңейтүүдө.
«Шаардын транспорт системасын модернизациялоо долбоорунун концепциясы иштелип чыгууда. Демилгенин негизги максаты — борбор калаадагы эскирген жол чырактарды жаңылоо жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү», — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, мэрия жол чыракты автоматташтыруу боюнча россиялык «Информтехтранс» жана «Интегра» компаниялары менен кызматташып жатканын белгиледи.
«Учурда Анкара менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак системалары жаңыртылып, видеокөзөмөл орнотулду. Жакында тиешелүү адистердин келиши күтүлүүдө, алар «акылдуу жол чырак» долбоорун ишке киргизүүгө катышат», — деп жазылган маалыматта.
Долбоордун алкагында тыгындарды жана ышты азайтуу, жол коопсуздугун жогорулатуу пландалып жатканы кошумчаланды.

