Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жана Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы тарабынан көлдүн экосистемасын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында ыкчам иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара президенттин №131 жарлыгын аткаруу алкагында уюштурулуп, көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 1300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.
Учурда Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо, мыйзамсыз орнотулган торлорду аныктоо жана суу биоресурстарын коргоо боюнча иштер улантылууда.

