«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунун ачылышына 15 миңге жакын конок келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, курорттун аймагына конокторду кабыл алып тейлеген 20 визит-борбор орнотулууда. Мындан тышкары, майрамдык иш-чарага келгендер үчүн тамак-аш түйүндөрү (фудкорт) уюштурулуп, ачылыш кышкы фестиваль форматында өтөт. Ушу тапта агенттик чет элдик меймандарды тосуп алууга даярдык көрүп жатат.
«50дөн ашык тревел-блогер, эл аралык журналисттер жана ардактуу коноктор келгени жатат. Аларды 28-ноябрда тосуп алабыз. Учурда бөлүм башчылары делегацияларды бөлүштүрүп, аларды Караколдон «Ала-Тоо Резортко» жеткирүү үчүн унаа жана логистика маселелерин чечип жатышат», — деди Кубатов.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластеринин биринчи этабы 1-декабрда расмий ачылат. Бул этапта Жыргалаң аймагындагы 47 чакырымдык лыжа трассасы жана 6 заманбап аркан жол ишке киргизилет. Жалпы аянты 4 миң гектарга жакын болгон долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук багыттарын бириктирип, 2038-жылга чейин этап-этабы менен толук курулуп бүтөт.

