Стамбулда шоу-бизнестеги баңгизат жана башка мыйзам бузуулар боюнча иликтөөнүн алкагында 35 шектүүнүн 23ү кармалды. Алардын арасында атактуу «Даңазалуу доор» сериалындагы Шах Султандын ролу менен белгилүү болгон актриса Дениз Чакыр бар, деп билдирет Anadolu агенттиги.
Аны менен чогуу ырчы жана актёр Өзжан Дениз, ошондой эле актриса Буржу Өзберк кармалган.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Стамбулдун Башкы прокуратурасы сойкулук, баңгизат сатуу, колдонуу жана сактоо боюнча иштерди иликтөөнү улантууда.
Камакка алуулар шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, күбөлөрдүн, анын ичинде жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жана уюлдук телефондордун, санариптик түзүмдөрдүн соттук-медициналык анализинин жыйынтыктарына негизделген.
Прокуратура тергөө бардык тармактарда жүрүп жатканын баса белгиледи.
Буга чейин Стамбулда тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат жана ага байланыштуу кылмыштарга шектелип 21 адам кармалган. Алардын ичинде актёрлор, музыканттар жана башка белгилүү инсандар бар.

