2027-жылы Сары-Челек көлүнө чейинки жол асфальтталып, электр автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, коруктун аймагына жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө коюлуп, туристтерди 20 электробус ташыйт.
Көзөмөл-өткөрмө пунктунан көлгө чейин үч аялдама уюштурулуп, туристтер QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат. Мындан тышкары, көл жээгинде унаа токтотуучу жайлар болбойт.
Бишкектен Сары-Челекке чейинки аралык — 500-535 чакырым. Негизги маршрут Төө-Ашуу, Суусамыр, Токтогул аркылуу кетип, жолго тогуз саат убакыт кетет.

