Аскат Алагөзов «Түндүк» аркылуу талапкерлерди колдоп кол коюуга чакырды


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн Facebook баракчасында жарандарды жана мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилерин «Түндүк» тиркемеси аркылуу шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди колдоого чакырды.

Анын айтымында, кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калды. 8-декабрга чейин ар бир жаран «Түндүк» тиркемеси аркылуу бир нече талапкерге кол коё алат. Алагөзов бул добуш берүү эмес, мыйзамда каралган шарттардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге туура маалымат жеткирип, процесске катышууга шарт түзүү зарылдыгын айтты.

«Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу», — деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

Алагөзов шайлоонун таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшүнө салым кошууга үндөдү.