Кусеин Карасаев болбосо, кыргыз тили илим катары өнүгөт беле? — Бишкекте залкар окумуштуунун 125 жылдыгы белгиленүүдө


Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) кыргыз тил илиминин пайдубалын түптөгөн лексикограф жана агартуучу Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Уңгужол доктринасы жана К. Карасаевдин илимий-агартуучулук мурасы: өткөндөн келечекке» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Иш-чарада катаал жылдары эне тилдин тазалыгын сактап калган «улуттук тил сакчысынын» кыргыз тил илимин, орфографиясын жана сөздүк корун калыптандыруудагы теңдешсиз ролу талкууланды.

Окумуштуулар Карасаевдин эмгектери бүгүнкү «Уңгужол» доктринасынын негизги руханий тиреги экенине басым жасашууда.
Жыйынга Мамлекеттик катчы А. Койчиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы М. Мураталиев, Илим жана жогорку билим берүү министри Г. Исаматова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Башкортостандан келген окумуштуулар катышууда.

Иш-чаранын алкагында Карасаевдин эстелигине гүл коюлуп, даректүү фильм жана эмгектеринин көргөзмөсү көрсөтүлүүдө. Соңунда «Академик Кусеин Карасаев» медалы тапшырылып, иш чара БМУнун студенттери жана мэриянын эл аспаптар оркестринин концерти менен жыйынтыкталат.