Аксы районунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал алып жүргөн эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу максатында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында рейд өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө эки тургундун жанынан тиешелүү документтери жок ТОЗ-8 үлгүсүндөгү эки сайлуу курал жана сегиз ок табылган.
Бул факт боюнча жарандарга административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ал эми куралдар жана ок тиешелүү чараларды көрүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

