«Сулайман-Тоо» музейин оңдоо иштери башталды


Ош шаарындагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоонун биринчи этабы башталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, 25-ноябрда өткөн капсула салуу аземине маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Аймактык экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагындагы иштер тарыхый мурастарды сактоого, музейдин инфраструктурасын жакшыртууга жана аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган.