Кыргызстан Лондон, Берлин жана Парижге авиакаттамдарды ачууну караштырууда


«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Тараптар өлкөнүн авиакаттамдар тармагын кеңейтүү жана жаңы эл аралык багыттарды ачуу боюнча биргелешип иш алып барууну пландашууда.

Жолугушууда Манасбек Самидинов менен Эдуард Кубатов Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Каралып жаткан багыттардын арасында Лондон, Берлин, Париж, Милан, Франкфурт, Будапешт, Прага, Брюссель, Токио жана Сингапур бар.