2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан айрым маселелер талкууланды. Өзгөчө коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурулду.
Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн, ыкчам маалымат алмашуунун жана эки ведомствонун тиешелүү бөлүмдөрүнүн ортосундагы иш байланыштарын чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар миграциялык жана административдик жол-жоболор жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын өз ара каттамдарын ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүүгө байланышкан бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого, конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.


