Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
№9 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жол кыймылына чектөө киргизилген жок, унаалардын өтүүсү ачык.

