Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, аларга карата административдик басымды азайтуу, укук коргоо органдарынын, салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө, ошондой эле жагымдуу ишкердик жана инвестициялык климатты түзүү багытында мыйзамдардын аткарылышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп келет.
Маалым болгондой, 2026-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча 5 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 12 мыйзам бузуу аныкталып, 4 укук бузуу өдүрүш ишин козгоо жөнүндө токтомдору жокко чыгарлып, 2 сунуштама киргизилип, 3 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке кириптер болгон.
Мындан тышкары, райондук прокуратура тарабынан “Ишкердик субъектерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу келип түшкөн текшерүүлөрдү каттоо жөнүндө жалпы 36 өтүнүч каттоодон баш тартылган, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан келип түшкөн 15 өтүнүч жана укук коргоо органдарынан келип түшкөн 21 өтүнүч боюнча текшерүүлөрдү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

