«Ынтымак» комплекси жакында тапшырылат


Кечээ  президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан «Ынтымак» турак жай комплексине барып, даяр батирлерди көрүп чыкты.

Мекемеден билдиришкендей, Каныбек Туманбаев батирлердин ички жасалгалоосуна, курулуш материалдарынын жана сантехникалык жабдуулардын сапатына өзгөчө көңүл бурду. Бул батирлерди эконом-класстагы турак жайлар менен салыштырууга болбой турганын, алар премиум-класстын талаптарына жооп берерин белгиледи.

Бүгүнкү күндө бул аймакта ушундай деңгээлдеги батирлердин бир чарчы метри 2 500 доллардан жогору сатылса, мамлекеттик ипотека аркылуу толук жасалгаланган, жашоого даяр батирлер 1 400 доллардан сунушталууда.

«Ынтымак» Бишкек шаарында жашоочулар үчүн жетиштүү унаа токтотуучу жайлар каралган алгачкы ири турак жай комплекстеринин бири болот.

Комплекстин аймагында мектеп, бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар, жашоочулар сейилдеп, эс ала турган өзүнчө аллея жана ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Каныбек Туманбаев курулуш иштерин сапаттуу аяктап, алгачкы батирлерди жакынкы убакытта ээлерине тапшыруу боюнча тапшырма берди.