Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, экөө тең каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болжол менен саат 17:00дөр чамасында Киев —Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон.
Анда 9-кабаттан болжол менен 4-5 жаштагы эки бала кулап кеткен. Жеринде Тез жардам кызматы менен милиционерлер иштеп жатат.
Ушундай эле кырсык кечээ 7-кичи райондо болгон. Анда 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап,ооруканада үзүлгөн.

