Бүгүн, 17-мартка караган түнү саат 00:00дө Ош шаарына жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жылуулук берүүнү токтотуу боюнча тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

