Бишкекте 22 жаштагы кыз унаа сүзүп кетип каза болду


Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя 16-мартта болжол менен саат 17:40та болгон.

«22 жаштагы кыз Түштүк магистралда жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн өтүп бара жаткан. Ошол учурда Садырбаев көчөсүнөн Тыналиев көчөсүн көздөй үч унаа келе жаткан: эки унаанын айдоочусу кызды көрүп токтогон, ал эми «Мерседестин» айдоочусу кыймылын улантып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кыз ошол жерде жан берди», — деп жазылат маалыматта.

Унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.