АКШда киши колдуу болгон үй бүлөнүн сөөгү Кыргызстанга жеткирилди


АКШда киши колдуу болгон кыргызстандык жубайлардын жана алардын уулунун сөөгү мекенге алып келингенин ТИМден билдиришти.
45 жаштагы Азамат, 48 жаштагы жубайы Бермет жана алардын 6 жаштагы уулунун сөөгү Иллинойс штатынан табылган. Жубайлар логистикалык компанияга ээлик кылып келгени айтылды.
Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик менен байланышта экени кабарланды. Тергөө жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы айтыла элек. Иш Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.