Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
18-март күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын аймагынан мурда жоголгон өспүрүм кыздар табылды.
Эске салсак, 14-март күнү Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2011 жана 2008-жылы туулган кыздар 14-март күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан өз алдынча чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

