Арал — Казарман унаа жолуна таш түштү


18-мартта саат 22:10 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесине (276-чакырым) таш көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таш бөгөп калган жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Жерине техника тартылып, көчкүнүн көлөмү такталып жатат.

Кошумча маалымат берилет.