Улуттук гвардия Нооруз майрамын белгиледи


2025-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө жалпы элдик Нооруз жаз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.
Майрамдык иш-чараларга аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана чакырылган коноктор катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир түзүмдүк бөлүм даярдалган номерлер боюнча: улуттук ырларды, бийлерди, элдик үрп-адаттарды, каада-салттарды көргөзүшүп, спорттук жана улуттук оюндар уюштурулду.
Ошондой эле майрам «Шайыр апалар»элдик ансамблинин концерттик программасы менен уланды.
Соңунда конкурстардын жеңүүчүлөрүнө грамоталар, белектер тапшырылып, катышуучуларга Нооруз майрамынын башкы тамагы болгон сүмөлөк таратуу менен аяктады.