Аламүдүн районунун прокурору 2 айга камакта калтырылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиевди 18-майга чейин Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун жетекчиси берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жамалбек Сатыбалдиев Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси менен кармалганын 20-мартта билдирген.  Расмий маалыматка ылайык, ал Я.к.Ж. аттуу жарандан мурда козголгон кылмыш иши боюнча бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу үчүн 80 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.