Маалыматка ылайык, бул өзгөртүүлөр Калкты тейлөө борборлорунун «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өтүп жаткандыгына байланыштуу жана Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлүп жатат.
Мындан ары негизги Калкты тейлөө борборлору төмөнкүдөй график менен иштейт:
Иш убактысы: 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу: 12:30дан 13:30га чейин. Ишемби жана жекшемби дем алыш.
Ал эми, аймактардагы Калкты тейлөө борборлору бирдиктүү график боюнча иштешет.
Мини-КТБ: Чүй проспектиси, 41Б, ТЭЦтин жанында, иш убактысы: шейшемби – жекшемби 10:00-19:00, түшкү тыныгуу: 14:00 – 15:00. Дүйшөмбү дем алыш.
Мини-КТБ: Садырбаев көчөсү, 107, иш убактысы: дүйшөмбү-жума 9:00-18:00, түшкү тыныгуу: 12:30-13:30. Иш убактысы: ишемби-жекшемби: 10:00-19:00. Түшкү тыныгуу: 14:00-15:00
Кошумча маалымат үчүн: 119 (чалуу акысыз).


