КМТУнун окутуучуларына козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады


УКМК жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окуу ишмердигинде аныкталган коррупциялык схема фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде айып тагылып, 2 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулду, 14 окутуучу жана жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылып, 153 студент окуудан чыгарылды, алардын 112си КМШ жарандары болуп саналат.
Учурда кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү.