Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов кызматынан бошотулду.
Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

