Бакыт Төрөбаев: «Санарип дыйкан-2025» форуму – айыл чарбасына карай жасалган маанилүү кадам


Бүгүн, 2025-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында агроөнөр жай сектору үчүн маанилүү окуя — «Санарип дыйкан 2025» форумунун биринчи күнүнө арналган иш-чара башталды.

Бул форум – дыйкан-фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Алгачы ирет өткөрүлүп жатканда форумда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкан-фермерлер үчүн инновациялык өнүмдөрдүн иш-аракетин көрүү менен алардын жетишкен ийгиликтерин агротармакта кантип колдонсо болорун талкуулап, тажрыйба алууга мыкты мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
— Бүгүнкү күндө агросектордун алдында жаңы чакырыктар турат. Бул жагынан алганда, санариптештирүү – бул күчтүү курал. Ал маалыматтарга таянып чечим кабыл алууга, процесстерди башкарууну жакшыртууга, түшүмдүүлүктү болжолдоого, топурактын жана өсүмдүктөрдүн абалын көзөмөлдөөгө, сугарууну оптималдаштырууга жана башка көптөгөн нерселерге жардам берет, — деп билдирди өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.
Ырасында, «Санарип дыйкан-2025» форуму – бул жөн гана иш-чара эмес. Бул Кыргызстандын аң-сезимдүү, туруктуу жана заманбап айыл чарбасына карай жасалган маанилүү кадам.
Айыл чарбасындагы санариптик революциянын бир бөлүгү болгон форумдун алкагында айыл чарбасынын заманбап технологияларынын көргөзмөсү да өтөт.